АКШнын 3 штатын ири өрт каптады

0
141

АКШнын Орегон, Калифорния жана Вашингтон штаттарын  96 ири табигый өрт каптады.  Учурда өрт жалпы 1 миллион 4 миң гектарга жакын жерди ээледи.

Орегондо өрттөн улам асман кызарып кеткенин жеригиликтүү басылмалар жазышууда. Штаттын жашоочулары, ушул кезге чейин мындай чоң көлөмдөгү жаратылыш кырсыгы болбогонун айтышууда.

Өрт ысык аба ырайынан улам келип чыккан. Бул күндөрү он миңдеген адамдар коопсуз жайга көчүп кетүүгө аргасыз болду. Ысык, кургак аба ырайы жана катуу шамал өрттүн жайылышына себеп болууда.

Ал эми Калифорнияда өрттүн жайылуусу 930 миң гектардан ашты. Бул АКШнын тарыхындагы эң ири көрсөткүч. Буга чейин да 2018-жылкы өрттө 793 миң гектардан ашык аянт күйүп кеткен.

Өлкөнүн батыш жээги толугу менен түтүн алдында калды. Кээ бир жайларда жердин температурасы 191 градуска чейин жеткени айтылууда.