75 жылдан кийин жоокерлер кайра көмүлдү

0
85

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жүздөн ашуун жоокер Орусиянын Курск аймагындагы бир нече айылга кайрадан көмүлдү. Алар ар кандай мезгилдерде издөөчүлөр  тарабынан табылган.

Биринчи Май айылында  ысымдары аныктала элек 18 жоокер жерге берилди. Эки издөө мезгилинде сөөктөрү табылган дагы 105 жоокер Понири айылындагы аткычтардын эстелиги жайгашкан  жерге көмүлдү.

Жоокерлерди жерге берүү салтанаты бардык аскердик сый-урмат менен өттү.