Орусияда “Спутник V” COVID-19га каршы  вакцинасын сыноонун 1-этабы башталды

0
69

Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө  процедурасы аяктагандыгын, жакынкы аралыкта аны өлкөнүн аймактарына жеткирүү башталарын билдирет. Бирок, клиникалык сыноолор али бүтө элек.

Кооптуу абалда турган орусиялыктардын эмдөөсү каттоодон кийинки үчүнчү тестирлөө этабына катарлаш жүргүзүлөт. Ага 40 миң ыктыярчы катышат. Алгачкы ыктыярчылар алдын-ала медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат.

Эмдөө булчуңга эки этапта жүргүзүлөт. Бейтаптар эмдөөнүн экинчи дозасын биринчи вакцинадан бир нече жумадан кийин алышат.

Маркетингден кийинки сыноо мөөнөтү 2-6 айга созулат деп маалымдашты.  Орусиялык  вакцина иштеп чыгуучулар, дары кеминде эки жыл коронавируска каршы иммунитет берерин ырастоодо.