Сарыбашов карылар үйүндөгү карыялардан кабар алды

0
49

Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Боорукердик” үй интернатында жашап жаткан карылардан кабар алды.

Аталган жайда жүз жаштан ашкан Касиет Жолдошевада жашайт. Калаа башчысы карыларды куттуктап, мэрия тарабынан ар тараптуу колдоо уланаарын билдирди.

“Боорукердик” үйүндөгү 30 карыяга акчалай жардам жана жылуу кийимдерди тапшырды.

Мэр демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имараттын курулушу жүрүп жатканын да айтып өттү. Имараттын курулушу 2020-жылы аяктап, пайдаланууга берилет.

“Боорукердик” үй интернатына жылына жергиликтүү бюджеттен 7, 8 млн сом каражат бөлүнүп берилет. Жалпысынан улгайган 30 адам жана кароосуз калган жыйырмадан ашуун өспүрүм тарбияланып келет.