Кыргызстандын футбол оюндары 7-августта жанданат

0
140

Кыргыз Премьер-лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Нурболот уулу билдиргендей, Дене тарбия жана спорт агенттиги оюндарды улантууга уруксат берди. Мелдеш эки айлампада жана бардык беттештер Кант шаарында өтөт. 7-августта 1-турдун алкагында эки оюн өтөт. Мында “Алай” — “Абдыш-Ата”, “Илбирс” — “Кара-Балта” командалары кез келет. Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрү жок өтөт. Турнир телеканал аркылуу түз алып көрсөтүлөт.