Ош шаарында 7,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

0
46

online Онлайн эфир

Ош шаарында 7,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ошто наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Ош ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте «Кара куурай» операциясы өткөрүштү. Бул иш-чаранын биринчи этабы 8-12-июль күндөрү уюштурулду. Анын жүрүшүндө Ош шаарынын аймагындагы жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча жергиликтүү бийлик органдары, мекеме жана ишканалардын жетекчилери менен биргеликте иш-чаралар уюштурулуп, 5 күндүн аралыгында 19 миң 349 гектар аянт текшерилип, зыянсыздандырылды. Жыйынтыгында жапайы өскөн 7,5 тонна кара куурай жок кылынды.

Булак: turmush.kg