Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди

0
33

online Онлайн эфир

 Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтү тарабынан облустун саламаттыкты сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентраторлору берилди.

Бул аппараттар облустун район шаарларына муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди. Буга чейин облуста 42 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 134 кычкылтек концентратору бар болгон.

Мындан сырткары күн сайын коомчулук тарабынан кычкылтек концентраторун алып берген жарандардын катары көбөйүүдө.

Булак: kabar.kg