Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо иштери жүрөт

0
65

online Онлайн эфир

«Электр станциялар» ачык акционердук коому Камбар-Ата-2 ГЭСинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 82 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Ага ылайык, жеңүүчү болгон компания ал каражатка электр жарыгын, байланыш, жылыткычтарды орнотуп, суу түтүктөрдү коюп, имараттардын ичи-тышын жасайт.

Андан сырткары, оор техниканын жардамы менен жээктерди, плотинанын айланасын бекемдемекчи

Камбар-Ата ГЭС-2 Тянь-Шандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Плотина Нарын дарыясынын агымы боюнча Токтогул ГЭСинен 70 чакырым алыстыкта курулган.

Гидроэлектростанциянын курулуш иштери 1986-жылы башталып 120 МВт кубаттуулуктагы үч агрегат боюнча долбоорлонгон. 2010-жылы биринчи агрегат ишке киргизилген.

Суу сактагычтын көлөмү 70 миллион куб метр, пайдалуусу 7,5 миллион куб метр сууну түзөт.

Булак: sputnik.kg