Екатеринбургдан 4300 долларлык меджабдуулар алып келинди

0
45

online Онлайн эфир

Кычкылтек концентраторлору, глюкометр, пульсикометр жана коргонуучу каражаттарды Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу жана Урал аймагындагы кыргызстандык диаспоралар, активисттер чогултуп беришкен. Бул медициналык жабдуулар 7-июль күнү Екатеринбург-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен алып келинди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учак менен 218 кыргызстандык да келди, арасында балдар бар. Келгендер тиешелүү алгоритмге ылайык, медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Бир нече күн мурда Москва-Бишкек каттамы менен ыктыярдуу иштеп берүү үчүн Кыргызстанга дарыгерлер келишкен. Алар да активисттер чогултуп берген медициналык жабдууларды ала келишкени кабарланган.

Булак: azattyk.org