Жайлоодо 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө

0
209

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 26-июндан бери изделип жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-июнда саат 19:00 чамасында Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосунда 2006-жылы туулган бала кошунасыныкына кетип, үйүнө кайтып келбегендиги тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен.

«2-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер тартылып, натыйжа болгон эмес. Куткаруучулар жайлоодо жайгашкан чатырда түнөп калышты. Издөө иштери бүгүн да улантылат», — деп билдиришти мекемеден.


Булак:super.kg