Жыл аягына чейин 54 айылга таза суу чыгарылат

0
15

Президентт Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен өлкөдө таза сууну ар бир айылга, ар бир үйгө жеткирүү иши жүрүп жатат. Бул үчүн бюджеттен миллиондогон сомдор бөлүнүп, аны менен кошо сырттан да инвестициялар тартылууда.

Учурда Кыргызстан боюнча 584 айылда таза суу көйгөйү бар. Бул тууралуу таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирген. Ал өткөн жылы 69 айылга таза суу киргизилгенин баса белгилеп, быйылкы жылга  54 айыл планга киргенин кошумчалады.

Таза суу көйгөйүн чечүүдө эл аралык өнөктөштөр Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банк, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Швейцария Конференциясы, Европа биримдиги каржылык колдоо көрсөткөн.

Белгилей кетсек Кыргызстанда  1819 айыл бар.