Ардагер милициялардын жубайлары «Офицердин жубайы» медалы менен сыйланышты

0
345

 

Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы М.Боронов эс алуудагы ардагердеринин жубайларын  «Офицердин жубайы» медалы менен сыйлады.

Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы расмий баракчасы аркылуу жарыялады.

Сыйлык 8 ардагердин жубайына тапшырылган.  Мекеме жетекчиси өз сөзүндө,  “Сиздерге Ички иштер министрлигинин сыйлыгын тапшырып жатып, Сиздерге ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Анткени Сиздердин колдооңуздар менен биздин ардагерлер убагында кызматын ишенимдүү аткарып жүрүштү. Алардын бүгүнкү күндө дагы чыкыйышып, коомдук тартиптин сакталышына салымын кошуп жүрүшкөндүгүнө, ден соолуктарынын мыктылыгына салымыңыздар чоң! Ар дайым биздин ардагердерибиз менен биргеликте болуп, жакшылыктарда жанаша жүрүңүздөр!» деди.

«Офицердин жубайы» медалы ИИМдин буйругунун негизинде коомдук коопсуздукту сактоодо активдүү салым кошкон милициянын ардагерлеринин жубайларына ИИМдин ардагерлер кеңешинин сунушу менен берилет.