“97 миң доллар алып, дагы 35 миң доллар сураган”. Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

 “97 миң доллар алып, дагы 35 миң доллар сураган”. Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. К.Ж.К. аттуу жарандан сот системасындагы маселени оң жагына чечип берүү үчүн 35 миң доллар талап кылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

“А.С.К. буга чейин К.Ж.К. бул маселени чечүү үчүн 97 жарым миң АКШ доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын алган. Андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң доллар талап кылган”, – деп билдиришти УКМКдан.

2022-жылдын 21-апрелинде А.С.К. опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар