9 акча алмаштыруучу жайдын лиценциясы токтотулду. Алар $га байланыштуу Улуттук банктын талаптарын бузган

 9 акча алмаштыруучу жайдын лиценциясы токтотулду. Алар $га байланыштуу Улуттук банктын талаптарын бузган

Улуттук банк Бишкекте тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту. Алар АКШ долларынын курсуна байланыштуу кырдаалдан улам мыйзамдын талаптарын бузган.

Башкы банктын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, “Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот.

Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро Ко” жана “Баймак Финанс” акча алмаштыруучу бюролор 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу иштебей турат.

Ушул күндөрү бир АКШ доллары коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда 103-106 сомго бааланып жатат. Улуттук банк расмий курсту 105 сом деп белгиледи.

Эске салсак, 11-мартта Улуттук банк долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Жанылыктар