Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 8 миллиард куб метрден дагы төмөндөдү

 Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 8 миллиард куб метрден дагы төмөндөдү

Бүгүн, 9-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 994 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 179 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 402 куб метрге жетүүдө.

Былтыр бул күнү Токтогулкада 9,3 миллиард кубометр суу болгон.

Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.

Жанылыктар