79 жаштагы Жо Байден дагы президенттик шайлоого катышат

 79 жаштагы Жо Байден дагы президенттик шайлоого катышат

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин 2024-жылы өтө турган шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкер болуу ниетин бышыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

«Президент 2024-жылы талапкерлигин коюуну пландап жатканын бир нече жолу айтты. Президент эмнени пландаштырса, ошону аткарууга ниеттенип жатканын айткым келет», — деген Жан-Пьер.

Ошондой эле ал Нью-Йорк Таймс гезитинин мурунку макаласында 79 жаштагы азыркы президенттин жашы экинчи мөөнөткө көйгөй жаратат деген дооматтарды четке каккан. Жан-Пьер кошумчалагандай, АКШ администрациясы бул маселеге көңүл бурбайт. Ал эми президент АКШнын жашоочулары үчүн иштөөгө жана алардын жашоосун жакшыртууга көңүл бурат.

АКШдагы президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт.

Жанылыктар