Эртең самбо боюнча өлкө чемпионаты башталат

 Эртең самбо боюнча өлкө чемпионаты башталат

Эртең, 4-февралда эркектер жана кыз-келиндер арасында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиргендей, мелдеш 4-6-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Мелдеш спорттук самбо боюнча 15 салмактык категорияда, күжүрмөн самбо боюнча 5 салмак категориясында өтөт.

Жанылыктар