6 айга чейин дары-дармектерди сыртка ташып чыгууга тыюу салынды

 6 айга чейин дары-дармектерди сыртка ташып чыгууга тыюу салынды

Калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылууда олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы тийиш.

Тышкы иштер министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө КМШнын Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жанылыктар