6-7 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектептер. Көйгөй парламентте көтөрүлдү

 6-7 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектептер. Көйгөй парламентте көтөрүлдү

Бүгүн, 8-сентябрдагы  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар көп жылдан бери курулушу бүтпөгөн билим берүү мекемелери боюнча маселе көтөрдү.

Русланбек Жакышов Министрлер кабинети курулушу бүтпөгөн мектептер аягына чыгарылат деген убадасын эске салып, бирок иш жүзүндө аткарылбай жатканын билдирди. Ал бул боюнча Талас облусундагы бир нече мектептин абалын мисал келтирди.

“Өкмөттүн убадасы боюнча 100дөй мектеп бүткөрүлмөк. Бирок, Миң-Булак жана Калинин айыл өкмөттөрүндөгү мектептердин курулушуна 5 миллион сомдой гана каражат бөлүнүп  калган. Оро, Ынтымак айыл өкмөттөрүндөгү мектептерге каржы бөлүнгөн жок. Мындай көрүнүш улана берсе, жамгырга эле курулуш урап, буга чейин кеткен каражат максатсыз корошу мүмкүн”, – деди.

Тазабек Икрамов дагы Жалал-Абад облусунда бул көйгөй бар экенин айтты. Депутаттын билдиришинче, облустагы эки мектепти тез арада бүткөрүү зарыл.

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 31-мектеп 4 жылдан бери ремонту бүтпөй турат.3 жарым миллион сом акчасы калган. Тез арада бөлдүрүп берүү кажет. Себеби ремонт орто жолдо токтоп калган жерде балдар окуп жатат. Кара-Алма айыл өкмөтүндөгү Кубатбеков мектебинин 10 класстык бөлмөсү эле оңдолуп, калганы калып кеткен”,-деди Икрамов.

Ал эми Алишер Козуев Ош облусунда 10 жылга жакын убакыттан бери курулушу аягына чыкпай турган мектептер бар экенин белгиледи.

“Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2 мектептин 7 жылдан бери курулушу токтоп турат. Быйыл 5 миллион сомдон бөлүнүп жумуштар башталды эле. Бирок дагы аягына чыкпай калып кетти. Ушундай эле абал  Жаңы-Арык, Сары-Колот айыл өкмөттөрүндө да бар”,- деди ал.

 

 

Жанылыктар