5G технологиясын сыноого уруксат берилди

 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы  уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалмат кызматы билдирди.5G технологиясын киргизүү заманбап технологияларды жана жалпысынан коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп айтылат маалыматта. 5G технологиясын киргизүү үчүн шарттарды камсыздоо үчүн Байланыш кызматы учурдагы радиоэлектрондук жабдуулардан  жыштык тилкелерин чыгаруу боюнча иштерди жүргүздү жана 5Gди сыноо үчүн пилоттук жыштыктарды аныктады.Бүгүнкү күндө тестирлөөгө уруксат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноосун өткөрүштү. Жакында Кыргызстандын жашоочулары 5G технологиясын пайдаланып, жаңы бешинчи муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алат.Кыргызстанда интернеттин акыркы мууну болуп 4G саналат. Ал өлкөдө 2014-жылдан бери иштеп келет.

Жанылыктар