Быйыл Ош шаарынын күнү белгиленбейт

 Быйыл Ош шаарынын күнү белгиленбейт

Быйыл Ош шаарынын күнү белгиленбейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунда болгон соңку окуяларга байланыштуу шаар күнүн белгилөө, майрамдык иш-чараларды өткөрүү токтотулду.

Белгилесек, Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Быйыл шаардын түптөлгөнүнө 3022 жыл болду.

Жанылыктар