5-март Кыргызстанда Ак калпак күнү

 5-март Кыргызстанда Ак калпак күнү

Бүгүн, 5-мартта өлкөдө Ак калпак күнү белгиленип жатат. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элди куттуктап:

Урматтуу мекендештер! Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин! Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!«- деди.

Бишкете Ак калпак күнүнө карата Ак калпак жана улуттук кийимдердин күнү белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министилиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чара борбор калаанын  “Ынтьмак-2” сейил багында өтөт. Анда жөө жүрүш, флешмоб (калпак бий), “Кыргыздардын салттуу кийими” үй-бүлөөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер класстар өтүп, концерттик программа менен коштолот.

Иш-чара саат 10:30 улуттук кийимдерди кийген жарандардын жүрүшү менен башталат.

Белгилүү болгондой, Ак калпак күнү 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген.

Жанылыктар