47 миң мигрант “кара тизмеден” чыкты

 47 миң мигрант “кара тизмеден” чыкты

Бир жыл ичинде Россияда Кыргызстандын 47 миң жараны “кара тизмеден” чыкты. Бул тууралуу  тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди. 

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстан бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келген.

“Аталган маселе көп убакыттан бери президенттердин, өкмөт башчыларынын жана министрлердин деңгээлинде көтөрүлүп келген. Жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды”, – деди ал.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар