450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү

 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү

Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын октябрынан тарта калктын аялуу катмарынын 15 категориясына жөлөп пулдар көбөйтүлгөн.

«2021-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын аялуу катмарына мамлекеттик жөлөк пулдүн өлчөмү көбөйтүлгөн – 2021-жылдын октябрында, 2022-жылдын январь, июнь айларында. 2021-жылдын октябрынан тарта жарандардын 15 категориясы үчүн социалдык жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. 2021-жылдын 1-ноябрына карата алардын саны 95,6 миң адамды түздү. 2022-жылдын 1-январынан тартып алуучулардын айрым категориялары үчүн социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү да көбөйтүлдү, ал эми 2022-жылдын 1-июнунан тарта калган жарандардыкы», – деп билдиришти министрликтен.

Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пул алган жарандардын жалпы саны 101,8 миңди түзөт – бул чоңдор жана майыптыгы барлар, кары-картаңдар, жетим балдар, ВИЧ/СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдар.

Жөлөк пул алгандардын көпчүлүк бөлүгүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашагандар жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдар түзөт.

Белгилей кетсек, бул жөлөк пулдун өлчөмү 2016-жылдан бери 810 сом өлчөмүндө сакталып, 6 жылдан бери каралган эмес.

2022-жылдын 1-июнунан тарта жөлөк пулдун өлчөмү ай сайын ар бир бала үчүн 1200 сомго чейин жогорулатылды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 101,7 миңди же 349,8 миң баланы түзөт.

Жөлөк пулу көбөйгөн кыргызстандыктардын саны 450 миңди түзсө, алардын 80%ы балдар.

Жанылыктар