400дөн ашуун үй-бүлө жашаган жаңы конушка алгачкы жолу таза суу чыгарылат

0
340

Ош шаарына караштуу 222-223-кварталга 4,5 чакырым аралыктан түтүкчө аркылуу таза суу тартылууда. Таза суу Кара-Суу районунун Беш-Мойнок участкасынан тартылып, аталган кварталдагы мектеп жана бала бакчанын ордуна жеткирилет.

Быйылкы жылы аталган кварталдарга таза суу жеткирүү боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырма берген. Таза суу тартуу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашууда.


“Узундугу 4 жарым чакырым болгон темир түтүкчө менен суу тартып келе жатабыз. Таза суу курулуп жаткан мектептин жана пландалып жаткан бала бакчанын ордуна чейин жеткирилет. Мындан тышкары эки конуштун башына экиден төрт жерге суу чыгарылып, сыйымдуулугу 50 м3 суу кампа курулат. Жалпы кварталдардын ичине да суу тартуу боюнча долбоор даярдалууда”,-дейт Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев.


Аталган кварталдар мурда Жибек-Жолу аймактык кеңешти аталып, Ош шаарынын четиндеги жаңы конуш болуп эсептелет. Жаңы конушта бүгүнкү күндө 400дөн ашуун үй-бүлө жашап, таза сууну ташып ичип келишет.

Сугат сууну “Южный” каналы аркылуу пайдаланышат.