Россиянын 40 миң жараны Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө кеткени кабарланды

Сентябрдын акыркы күндөрүндө Казакстан аркылуу транзит менен Россиянын 40 миңдей жараны өттү. Негизги багыттар – Кыргызстан менен Өзбекстан.
Соңку беш күндө 6000ге чукул орусиялык Казакстандан аэропорт аркылуу учуп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Миграция комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Аслан Аталыков билдирди.
“Орусиялыктар релокация үчүн биздин аба майданды колдонуп жатышат”, – деди төрага.
ИИМ өкүлүнүн билдиришинче, орус жарандарынын миграциялык агымы – коңшулук жана Казакстандын транзиттик потенциалына байланыштуу.
Маалыматка караганда, быйыл 21-сентябрга чейин Казакстанга кирген-чыккан орусиялыктардын саны 9-12 миң кишини түзүп келсе, 22-сентябрдан тарта Казакстанга келгендердин саны эки эсеге көбөйгөн. Ошол эле маалда ИИМ күн сайын 15-17 миң казакстандык Россияны көздөй чыгып жатканын белгилейт: Ал жакта алардын туугандары, ата -энелери жашайт, балдары окуйт, бизнес жана башка иштер менен алектенишет.
Сентябрдын башынан бери Казакстанда жашап туруу укугун 896 чет өлкөлүк сураган, арасында 115 Орусия жараны бар.