3 уй, 20 кой. Эмгек министри жөлөкпул алуунун критерийлерин жарыялады    

 3 уй, 20 кой. Эмгек министри жөлөкпул алуунун критерийлерин жарыялады    

Жөлөк пул алуу үчүн үй чарбаларынын кирешеси муздаткычтын болушу менен аныкталбайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешесин баалоо критерийлери беш жыл мурун өзгөргөн.

«Муздаткыч жана пенсия үй-бүлөнүн кирешеси катары эсептелбей калды. Биз аны жокко чыгардык. Бирок эл көнүп калып, бардык жыйналыштарда муздаткыч бар деп жөлөкпул албайбыз деп башташат. Эми 20га чейин кой, 3 уй жана 3 жылкыга уруксат берилди», – деди министр.

Анын айтымында, жылына 4 млрд 200 миллион сом акча каражаты «үй бүлөгө көмөк» деп жөлөк пулга бөлүнөт. Аны 110 миң үй-бүлө алат.

Жанылыктар