28-октябрда Ош шаарына жылуулук берилет

 28-октябрда Ош шаарына жылуулук берилет

Ош шаарына 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын бардыгы кышкы жылытуу мезгилине толук даяр экени айтылган.

Белгилесек, норма боюнча абанын орточо суткалык температурасы 5 күн бою +8 градустан ашпаса, анда керектөөчүлөргө жылуулук берилет.

Бирок, жаан-чачындуу аба ырайынан улам калаа тургундары жылуулук берүүнү эртелетүүгө чакырып жатышкан. Бүгүндөн тарта борбор калаа Бишкекке дагы жылуулук берилди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар