24-январдан мамкызматкерлердин дипломдору жана чет өлкөлүк жарандыгы жок экени текшерилет  

 24-январдан мамкызматкерлердин дипломдору жана чет өлкөлүк жарандыгы жок экени текшерилет  

Президент Садыр Жапаров УКМКга мамлекеттик кызматкерлердин диплом, күбөлүк жана сертификаттарын текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Анда айтылгандай, акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү байкалууда.

Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда.

Ушул жылдын 24-январында башталып 3 айга созула турган бул текшерүүнүн алкагында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерилет.

Бул текшерүү район, облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, президенттин аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Жогорку Кеңештин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.

УКМК билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Эгерде мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат.

Жанылыктар