24-27-февраль күндөрү Сауд Аравияда кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт

 24-27-февраль күндөрү Сауд Аравияда кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт

Ушул жылдын 24- 27-февраль күндөрү  Эр-Риядда  кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт. Аныны алкагында эки тараптын көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасы уюштурган соода жана инвестиция форумунда билдирди.

Марипов сауд ишкерлерин аталган форумга жигердүү катышып берүүгө чакырык таштады.

Соода жана инвестиция форумуна Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери, Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын, Сауд Падышалыгынын бизнес жана инвестиция компанияларынын, Жакынкы Чыгышка белгилүү соода түйүндөрүнүн жетекчилери, өкүлдөрү катышты.

Элчи Марипов форумдун катышуучулары жана коноктору үчүн Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлору жана ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация жасады.

Ошондой эле, жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды.

 

Жанылыктар