23-февраль эс алуу күнү деп жарыяланды

 23-февраль эс алуу күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү өндүрүш календарына ылайык эс алуу күнү деп бекитилди.

Ошондой эле 22-февралдагы иш күнү кыскартылат. Ага ылайык, беш күндүк иш жумасына кирген жумушчулар 25-февралда 4-январдагы эс алуунун эсебинен иштешет.

Маалымат үчүн: 2003-жылдан бери Кыргызстанда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип, расмий дем алыш күнү деп жарыяланган.

Майрам өкмөттүн 2003-жылдын 20-январындагы токтому менен өсүп келе жаткан муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин сыйлоо жана татыктуу сыйлоо үчүн шарттарды түзүү максатында белгиленген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар