23-июлда баштала турган Токио олимпиадасы көрүүчүлөрсүз өтөт

0
74

Япониянын борбор калаасы Токио шаарында 23-июлда баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.

Мындай чечим коронавирустун «дельта» деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынды.

«Көрүүчүлөр баш калаанын сыртында өтө турган айрым мелдештерге киргизилиши мүмкүн. Ал боюнча чечимди аймактардын бийликтери кабыл алышат», — деди министр.

Буга чейин яапон өкмөтү оюндардын ачылуу аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү жана мелдештерге он миңден ашпаган жергиликтүү гана көрүүчүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.

Эске салсак, былтыр коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган XXXII Жайкы Олимп оюндары ушул жылдын 23-июлунан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.