22-февраль күнү өкмөттүн көчмө жыйыны Баткенде өтөт

 22-февраль күнү өкмөттүн көчмө жыйыны Баткенде өтөт

22-февралда Баткен шаарында өкмөттүн кезектеги көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Акылбек Жапаровго Баткен облусундагы өзгөчө жеңилдиктер берилүүчү айылдардын тизмеси тууралуу суроо берип, аны ким түзгөнүн, өкмөт облусту өнүктүрүүгө былтыр убада кылган 500 миллион сомдун дайыны эмне болгонун сурады.

Эл нааразы болуп жатат. Лейлек району ал тизмеге толук кириши керек. Минтип жатсаңар инвестор качан келет? Сырткы жана ички миграция күндөн күнгө өсүп жатат. Мектептердин абалын көрүп жатасыңарбы, качан жасалат? Сугат суу менен качан камсыз кыласыңар? Суу жок, чөп өспөйт эч жерде” – деди эл өкүлү.

Жапаров тизмени биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеген штаб түзүп, биринчи этабын аяктаганын айтты. Ошондой эле, 22-февралда өтө турган жыйында акыркы варианты такталарын, 500 миллион сом бюджетте каралганын жана акча бөлүнүп баштаганын билдирди.

Буга чейин, “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамдын негизинде чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундарына социалдык-экономикалык жактан жеңилдик берүү, инвестиция тартууга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү үчүн 62 айыл тандалып алынганы маалымдалган.

Жанылыктар