2022-жыл Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

 2022-жыл Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

“2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка өкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер Кабинетине 1-мартка чейин тоолорду коргоо жылын өткөрүүгө байланыштуу жол картасын даярдоо тапшырмасы берилди.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган. Кыргызстандын демилгесине ылайык, былтыр декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон”,- деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Жол картанын алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү өңдүү иш-чаралар каралат.

Жанылыктар