2020-жылдан мунай зат автоматташтырылган система аркылуу гана сатылат

0
563

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында (АЗС) мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Бул жаңы талаптар өкмөттүн жакында чыккан токтомуна ылайык,  мунай жана мунай заттарды казып алууда, өндүрүүдө, ташып келүүдө, сатууда өлкөнүн аймагында мунай заттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө максатында белгиленүүдө.

 

«Алсак, дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунай заттардын же резервуарлардын базасы болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми көзөмөл-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунай заттарды берүүнүн  автоматташтырылган электрондук системасы менен камсыз болгон шартта гана АЗСте чекене сатууга болот», — дешти кызматтан.

 

Мунай жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата жаңы талаптарга ылайык 2020-жылдын 1-январынан КР аймагындагы  май куюучу станцияларда мунай заттарды чекене сатуу менен алектенген бардык ишкердик субъекттер АЗСте мунайзаттарды берүүнүн автоматташтырылган эсепке алуу системасын колдонууга милдеттүү болот.

 

Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюусу мүмкүн болбойт, себеби АЗСтин май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система АЗСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

 

Белгилей кетсек, ишкердик субъекттер АЗСке мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын өз алдынча сатып алып, орнотот жана тейлейт. Ошол эле учурда ал техникалык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

 

Мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы менен ККМдин өз ара аракеттешүүсү функционалдык талаптарга ылайык келбеген учурда, ал АЗСте мунай заттарды чекене сатууга тыюу салынат.

 

Мында АЗСке мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын мөөнөтүнөн мурда орноткон  субъекттер үчүн АЗСтеги, автомобилдик газ куюучу станциядагы мунайзаттарды куюучу люкту пломбалоо жана пломбасын алуу жол-жоболорун жүргүзүү талап кылынбайт.

 

Мунай заттарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттер салык кызматынын маалыматтык системасынын өздүк кабинети аркылуу технологиялык тизмек боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук коштомо кагазды тариздеши керек. Электрондук коштомо кагаз мунай зат, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыйт.