201 бала үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктан улам мектепке барбайт

Өлкө аймагындагы социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктардан улам жалпы билим берүү уюмдарына барбаган 201 бала аныкталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, алардын арасында 6 жаштан 17 жашка чейинки 83 кыз, 118 эркек бала бар. Алардын көбү Талас облусунда – 70 бала, эң азы – 5 бала Ош облусунда аныкталган.
Мекеме президенттин резервдик фондунан керектүү кийим-кече, мектеп формасы жана кеңсе буюмдарын алууга 5 миллион сом бөлүнгөнүн эске салды. Бардык буюмдар, кийимдер буга чейин сатылып алынып, балдарга берилип жатат.
«Учурда бул балдарды мектепке кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат», – деп белгилейт Эмгек министрлиги.