20 тонна жер семирткичти мыйзамыз ташып бараткан жаран кармалды

 20 тонна жер семирткичти мыйзамыз ташып бараткан жаран кармалды

Баткенде бажы кызматкерлери 1,4 млн сомдук аткезчилик менен алынып келе жаткан товарга бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКБ кызматкерлери менен биргеликте “Баткен” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош — Баткен айланма жолунда КР жараны “И.у.А.” башкаруусунда “VOLVO FH12” үлгүсүндө автотранспорт каражаты токтотулган.

Автоунааны кароодо жалпы салмагы 20 миң кг “Карбамид” маркалоосу менен минералдык жер семирткичтер, жалпы салмагы 2 500 кг “Лазер” сортундагы күрүч, жалпы салмагы 1843 кг арпа кебеги товары табылган.

«Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен чектеш мамлекеттен ташылып келген. КР СӨПтүн корутундусуна ылайык кармалган товардын жалпы наркы 1 млн 349 миң 761 сомду түзөт«, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Жанылыктар