“17 жерине бычак сайылган”. Ноокенде 24 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелүүдө

Ноокенде 24 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Анда айтылгандай, райондук милицияга 26-августунан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда 25-30 жаш чамасындагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн.
Натыйжада каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы М.Г. аттуу тургуну экени такталды. Ал эми соттук-медициналык изилдөөдө анын денесинин 17 жерине бычак сайылганы аныкталган.
Бул окуяга шектүү катары каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 1989-жылы туулган А. И. Аттуу тургуну кармалып, 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.