17-сентябрдан бери дайынсыз. Парламентте кабары чыкпай жаткан аскердин маселеси көтөрүлдү

 17-сентябрдан бери дайынсыз. Парламентте кабары чыкпай жаткан аскердин маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокер боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Дастан Жумабеков Талас облусундагы Кара-Бак айылынын тургуну, аскер Дастан Анарбековдун 17-сентябрдан бери дайыны чыкпай жатканын айтты.

“Ата-энелери сарсанаа болуп, күтүп жатат. Ошондуктан күч органдары жоголгон аскерди табуу боюнча кандай иш жүрүп жатканын, жыйынтыгын кабарлап коюшса. Азыр бизде маалымат жок болуп жатат. Комитеттин атынан протоколдук тапшырма берели”,-деди Жумабеков.

Белгилесек, аскер Дастан Анарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам дайынсыз болууда. Буга чейин массалык маалымат каражаттары, 21 жаштагы аскер 17-сентябрдан бери кабарсыз болуп жатканын жазышкан.

 

Жанылыктар