1,5 млн доллардан ашык кредит алып, аны төлөбөй качып жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

 1,5 млн доллардан ашык кредит алып, аны төлөбөй качып жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

Өз мекенинде бир жарым миллион доллардан ашык кредит алып, аны төлөбөй качып жүргөн өзбекстандык жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын 1977-жылы туулган, К.О. аттуу жараны кармалган. Ал коӊшу Өзбекстан Республикасы тарабынан изделип жаткан. Мамлекеттер аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча келишимдерге ылайык, ал Кыргызстандын Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“Кармалган жаран 2021-жылдын июнь айында Өзбекстандагы банктардын биринен  1 641 925 (бир миллион алты жүз кырк бир миң тогуз жүз жыйырма беш) АКШ долларын  кредитке алып, аталган акчаларды төлөбөй  изин жашырып кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Өзбекстан Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана 189-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен  кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими кабыл алынган.

Учурда коӊшу мамлекет менен мамлекет аралык келишимдердин талабына ылайык, К.О.ну мекенине өткөрүп берүү боюнча иштер аткарылып жатат.

Жанылыктар