Келме келтирүү — бейиштин кепилдиги эмес

0
797

Эссе: Элмурат Кочкор уулу.

Бир канча жыл мурда Куддус шаарын көрүп келейин деп баргам. Ал жердеги мусулмандардын жашоо-шарты оор экенин көрүп, эс алганым деле ойдогудай өткөн жок.

Тазалык, тартип, кызмат секторлору жана эң эле негизгиси — коопсуздук жагы эч бир купулума толбой койду. Бирок булардын баарынан ашып түшкөн кейиштүү көрүнүш — билимсиз, иреттүү жашоосу жок, келечектен үмүтү үзүлгөн жаштардын топ-топ болуп, ары-бери шагырап басып, максатсыз убакыт коротуп калганын көргөнүм болду. Албетте, бай арабдар деле бар экен, бирок көбү өзүнчө кичирайондордо, обочолонгон шартта жашайт.

Бир күнү, Акса мечитинде жума намазы окулган соң, ал жердеги имамдын жардамчыларынын бири жеңин түрүнүп, белди бекем байлап сыртка чыкты. Ары-бери өтүп жаткан туристтерге «Сиз менен сүйлөшсөм болобу, бир аз убактыңызды бөлөсүзбү?» деп бир канча метр ээрчип барып жатты. Акыры бир аял токтоп, аны менен сүйлөшө баштады. Чамамда Европа өлкөлөрүнүн биринен келген аял болчу. Өзүм теолог болгон үчүн мага да кызык көрүнгөнүнөн бир кулакты ал жакка таштап коюп, башка жакты карамыш болуп мечиттин түркүгүнө жөлөнүп тура бердим. Жанагы киши турист аялды мусулман болууга үндөй баштады. Аялга да кызык көрүндүбү, билбейм. «Макул дейли, мен кантип мусулман болом? Бул узак убакытты, өзгөрүүнү талап кылса керек. Мен болгону бир канча күнгө гана туристтик максатта келген болчумун да», — деди. Буга жооп катары: «Болгону беш эле мүнөтүңүз кетет. Шахадат келмесин айтсаңыз эле мусулман болуп каласыз, акыретте бейишке киресиз…», — деп бир кыйла сүйлөдү. Мен бул логикасыз, акылга сыйбаган сөздүн биринчи эле сүйлөмүндө пикиримди айтайын дедим. Көрсө ал жердеги турист аял да молдокенин сөзүн аягына чейин угуп туруп: «Кантип эле мен бир нерсени айтып туруп эле мусулман болуп, анан сиз айткан жыргалчылыкка татыктуу болуп калам? Менин бүтүндөй өмүрүм өткөн башка диний түшүнүгүм, маданиятым, дүйнө таанымым жана өтмүшүм бар да. Мусулман болуш үчүн алар менен дагы эсептешиш керек го, менимче…», — деп айтты. Мусулмандан логикасыз, биз тоготпогон «капырдан» аябай логикалуу сөздөр чыккан сайын бир бет кызарат эми… Тиги тууган болбой эле кайра-кайра «келмени айтып, кайталап кой, дароо мусулман болуп жыргайсың» деп жаагы жабылбай жатты. Анын мындай логикасыз формуласына турист аялдын эч эле ынанбай жаткандыгы, мимикаларынан, оозун чүйрүп желкеси менен каштары көтөрүлүп, түшүп жатканынан белгилүү болуп жатты.

Булак: Azattyk.org