14 млрд сомго бааланышы мүмкүн. MegaCom`ду сатуу пландалууда

 14 млрд сомго бааланышы мүмкүн. MegaCom`ду  сатуу пландалууда

Кийинки жылы “Альфа Телеком” (MegaCom соода маркасы) ЖАКты сатуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Бакиров буга чейин компания 19 млрд сомго бааланганын, азыр болжол менен 14-15 млрд сомго бааланышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошондой эле “Керемет банктагы”, “Кепилдик фондундагы” жана “Сарамжал Транс” ЖЧК жана башкалардагы мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жатканы айтылды.

“Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекитти”, – деди Бакиров.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар