Саясий серепчи Марат Казакпаев каза болду

Саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнда болжол менен саат 15:00дө ооруканада каза болду. Бул маалыматты №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктаганын «Кабар» агенттиги жазды.
Күн мурун УКМК Марат Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылгандыгын билдирген.
Эске сала кетсек, Казакпаев 2021-жылдын апрелинде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган.