Телерадиокомпания

Кыргызстанда 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

 Кыргызстанда 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Бул туурасында Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен болгон жолугушууда айтканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Айваз Оморканов 2022-жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады. Ал мындан сырткары, чемпионат учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргызстанда өтө тургандыгын билдирди. Ага белгилүү француз хоккейчиси Люк Тардиф сындуу хоккей оюнчулары келээрин белгиледи.

Өз кезегинде министр Кыргызстанда өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, аны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү боюнча эл аралык хоккей федерациясы менен иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдап, спорт коомчулугунун долбоорлорун ар тараптан колдой тургандыгын белгиледи.

Жанылыктар