Телерадиокомпания

10  адам каза болуп, 48 адам шахтада камалып…. Орусияда 400 метр тереңдиктеги шахтада өрт чыкты

 10  адам каза болуп, 48 адам шахтада камалып…. Орусияда 400 метр тереңдиктеги шахтада өрт чыкты

Ушул тапта Орусиянын Кемерово облусунда куткаруучулар “Листвяжная” шахтасында камалып калган 48 шахтёрго жетүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-ноябрда саат 08:30дар чамасында (Москва убактысы боюнча 04:30) Беловодогу  шаар тибиндеги конушта болгон. Ошол маалда жер астында 285 адам болгон.    Кенчилердин айрымдары эвакуацияланып, 54 адам жабыркаган.  Алардын экөөнүн абалы оор, 10  адам каза болду. Учурда 400 метр тереңдиктеги шахтада 48 адам камалып турат. Буга чейин тогуз киши өлгөнү белгилүү болчу.

Камалып турган 48 адамдын абалы белгисиз, байланышуу мүмкүн болбой жатат.

“40 чакырымдык кен казуу иштеринин 18 чакырымы изилденди. Изилдөө иштери жүргүзүлгөн аймактарда газдын абалы кооптуу эмес, түтүн начар”, — деп айтылат Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилевдин телеграм-каналында.

Жанылыктар