1-октябрда аскер кызматчыларына, укук коргоо кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жогорулайт

 1-октябрда аскер кызматчыларына, укук коргоо кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жогорулайт

1-октябрдан тарта аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жогорулайт. Бул боюнча жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана Кыргызстандын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында, Конституциясын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

Министрлер Кабинети:

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстандын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатсын;

Бул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

Жанылыктар