1 млрд сомго жакын зыян. Кумтөр Голд Компани боюнча 3 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 3 кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка ылайык, акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына карата чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон.
«Кумтөр Голд Компанинин» кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.