1 кг гашиш алып баратакан аял “Сосновка” постунан кармалды (сүрөт)

Чүй облусундагы “Сосновка” постунан мыйзамсыз баңгизатын алып бараткан аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Милиция кызматына түшкөн ыкчам билдирүүгө ылайык “Сосновка постунана” Honda Fit унаасы токтотулуп, текшерилген. Унаада жүргүнчү катары бара жаткан аялдын жанынан күрөң-кочкүл түстөгү, спецификалык жыты бар зат табылган. Эксепртизанын жыйынтыгында ал зат баңгизатынын гашиш түрү, салмагы 1 кг 5 гр болгону аныкталды”- деп айтылат маалыматта.
Кармалган аял 47 жашта. Ал Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну экени такталган. Шектүү соттун чечими менен Бишкектеги СИЗО-1ге камалып, тергөө иштери уланууда.