“1.5 млн сом чыгым”. Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 “1.5 млн сом чыгым”. Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жаранды кармалды. Ал жердештерине автоунаа жана жер алып беремин деп, жалпы 1.5 млн сомдон ашуун акча алгандыгы айтылууда. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, алдамчылыкка шектелип кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын 1983-жылы туулган А.О аттуу тургуну.

“Ал мурда адам тоногону, карактаганы үчүн  соттолуп чыккан.  Ошого карабастан, оӊолуу жолуна түшпөстөн  карапайым жарандарды алдоо жолу менен акча табууга өткөн. Бир неча жарандарга  «чет өлкөдөн  машина айдап алып келемин» деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен. Андан сырткары    «үй салууга жер алып беремин» деп сүйлөшүп бир нече  жердештерин дагы алдаган.  Арыз жазгандардын жалпы саны сегиз жаран. Алардын 5  жаранына машина убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым  1.5 млн. сомдон ашуун сумманы түзөт”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран башка жарандардын машиналарын арендага алып сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсү бул жарандан жабыркагандар болсо 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 номерлери аркылуу байланышып коюуга чакырат.

Жанылыктар