№7 Ош округунан талапкер Бекболот Арзибаев каржы иштерине байланыштуу кармалды

 №7 Ош округунан талапкер Бекболот Арзибаев каржы иштерине байланыштуу кармалды

№7 Ош округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекболот Арзибаевдин шайлоо мыйзамын бузганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айтылган факты боюнча түшүндүрмө берүүчү үчүн талапкер кечээ, 25-ноябрда УКМКнын Ош облустук бөлүмүнө суракка чакыртылган.

Такталгандай, Бекболот Арзибаев үгүт өнөктүгү маалында өзүнүн ишенимдүү адамдарын жана үгүтчүлөрүн шайлоо фондунан тышкаркы акчадан каржылаган.

Учурда тергөө-иликтөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Жанылыктар